Укук коргоочунун чет өлкөгө чыгып кетүүсү, кылмыш чөйрөсүнүн лидерлеринин бири Камчы Көлбаевдин өлүмү жана “Үч чоку” лыжа базасын куруу сыяктуу коомчулукта талкуу жараткан маселелер боюнча «Кабар» агенттиги өлкө башчысы Садыр Жапаров менен кенен маек куруп, суроолоруна жооп алды.
– Саламатсызбы Садыр Нургожоевич?
– Саламатчылык.
– Салтка айланып калгандай, коомчулуктагы актуалдуу болуп жаткан суроолорубузга жооп алсак. Жакында эле укук коргоочу Турсунбек Акун сизге ачык кайрылуу жасап, анда негизинен укук коргоочу Азиза Абдирасуловага байланыштуу маселе көтөрдү. Ал Абдирасулованы белгисиз бирөөлөр аңдыганынан улам, чет жакка чыгып кеткенин айткан. Ушул маселе боюнча сиздин комментарий?
– Азиза Абдирасулованы эч ким аңдыган жок. “Бирөөлөр аңдып атыптыр” деп 10-15 жыл мурун айтса, ии чын эле го деп эл ишенсе болот эле. Азыркы технология заманында аңдыган шектүүлөрдү, автомобилдерди эң кур дегенде смартфонуна тартып алып, тийиштүү органдарга же соцтармактар аркылуу ачык эле коомчулукка жарыяласа болот эле да. Муну жөн гана саясат кылышууда. Бул саясатына өздөрү эле ишенбесе эч ким ишенбейт. Азиза айымга эч ким тийбейт. Бир тал чачы түшпөйт. Акыры бир күнү келет. Ага эч кандай коркунуч болбой эле ээн эркин көчөдө басат. Ошондо эл алдында өзү эле уят болот. Саясат кылбай жөн эле келе берсин.
Өлкөбүздө адам укугу сакталат. Ага өзгөчө маани берүү – мамлекеттик саясаттын эң орчундуу багыттарынын бири. Анан эле адам укугун коргоо дегенде айрым укук коргоочулар кайсы бир моралдык ченемдерден чыгып кетишпесе дейт элем. Бизде демократия бар. Ачык сүйлөгөнгө менин да укугум бар. Мен Курултайда жөн гана алар донорлордон эбегейсиз көп акча алып жатышкандарын, жалган отчёт берип донорлорун алдап жаткандарын эле айттым.
Мисалы, милициянын жооптуу кызматкери кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда кайсыл бир кылмышкердин колунан мыкаачылык менен өлтүрүлсө, ага жетиштүү далилдер болуп турса, “адам укугу” деп эле ал мыкаачыны коргоого алуу канчалык туура? Албетте, эл аралык ченемдер, талаптар боюнча алардын да укугу корголушу керек. Бирок бул айдан ачык кылмыш жасаган мыкаачыны каратып туруп эле коргоого алуу менен барабар да. Анан алардын сотуна катышып коюп эле биз адам укугун коргоп жатабыз деп отчёт бере беришет. Карапайым калктын укугун коргосо биз да сүйүнөт элек. Донор болуп акча бере албасак да кош колдоп колдойт элек.
Мен дайыма айтып келем, Кыргызстанда адам укуктары сакталат, сөз эркиндиги да бар, каалаганын айтышсын. Азыр дагы кайталайм. Мыйзамсыз иш-аракеттер менен мамлекеттик тийиштүү органдар күрөшүп келишет. Алардын көз жаздымынан байкалбай өтүп бараткандары болсо, журналисттер, укук коргоочулар далилдери менен айтып чыгышсын. Коррупция менен күрөшкөнгө жардам беришсин. Буга эч кандай чектөө жок. Тескерисинче бизге жардам болот. Жарандарыбыз жүйөлүү сын-пикирлери менен каалаганын сындай берсин. Болгону жалган жалаа, ушак-айың же далили жок эле бирөөлөрдү каралоого жол бербейли деген эле кеп. Калп эле сөз эркиндиги, адам укугу деген шылтоолорго жамынып алып, тымызын элди дүрбөлөңгө салып, баш аламандыкка чакырык жасагандарды токтотушубуз керек.
– Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы “мыйзамдагы ууру” аталган кылмыш чөйрөсүнүн лидерлеринин бири Камчы Көлбаевди “жок кылуу чечимин өзү кабыл алганын” билдирди. Ушул операция боюнча сизде маалымат бар беле, чынында эле кандай болду эле?
– Бул боюнча ал жогорку окуу жайлардын мугалимдери менен болгон жолугушуусунда сүйлөп жатып айтканын көрдүм. Билдирүүнүн видеосун көрсөңүздөр, ал орус тилинде сүйлөп атып айткан. Орус тили анын эне тили болбогондуктан, оюн жеткиликсиз айтып алды.
Ал эми жогоруда айтылган окуяга келсек, чындыгында эле ошол күнү маалымат түшөөрү менен, ошол кездеги Башкы прокурорго чалып: “Окуя болгон жерге тез арада барып, дыкат карап мага ыкчам маалымат бериңиз”, — дегем. Ал окуя болгон жерге аскер прокурору жана тиешелүү кызматкерлери менен барып, жеринде текшеришип, “Камчы Көлбаевди кармоого аракет кылышканда, ал тараптан, анын жан сакчылары тараптан куралдуу каршылык болгон. Атайын кызматтын аскерлери өз өмүрлөрүн сактоо үчүн каршы ок чыгарууга мажбур болушкан, натыйжада кылмышка шектүү ошондон улам каза болуптур” деп маалымат берген.
Башкача айтканда, кызматкерлер өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын, мыйзамдардын чегинен чыгышкан эмес. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мыйзам жана инструкция бар. Ушул мыйзамдар иштеген. Бул мыйзамдар эч кимдин буйругусуз аткарылат. Камчыбек Кыдыршаевич ушул жөнүндө орусча сүйлөп жатып толук жеткире айта албай калган. Бул мыйзам баардык өлкөлөрдө колдонулат. Бул — дүйнөлүк практика.
Кылмышка шектүүлөр куралдуу каршылык көрсөтүп атса, биз кылмыштуулукка каршы күрөшүп келген аскерлерибиздин өмүрүн тобокелге сала албайбыз да. Андыктан бул жакта эки ача пикир болушу мүмкүн эмес.
– Жаңы жылдык эс алуу күндөрүндө сиз Россиянын Алтай крайындагы “Манжерок” курортуна барганыңызды, жакынкы аралыкта биздеги “Үч чоку” лыжа базасын курууга сынак жарыяланарын Фейсбуктагы баракчаңыз аркылуу билдирдиңиз. Ушул сапарыңыз тууралуу айтып өтсөңүз?
– Ооба, эки күн Алтайдын “Миңжүрөк” курортунда болдум. Ал жакка барганымдын себеби – жөн гана эс алып келүү эмес, лыжа базасынын курулушун өз көзүм менен көрүп, таанышуу болду.
Декабрь айында Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевди үч кызматкери менен Франциянын белгилүү “Куршевель” лыжа базасына жибердим. Аларды ал жакка бардык чыгымдарын демөөрчүлук фондуман төлөтүп, “Курортту толук изилдеп, маалымат алып, өз көзүңөр менен көрүп келгиле” деп жибердим. Алар барып келгенден кийин көздөрү ачылды. Жаңы идеялары пайда болду.
Өзүңүздөр билгендей, өлкөбүздө кышкы туризмди өнүктүрүүгө чоң түрткү бере турган дымактуу ири долбоорду баштоонун алдында турабыз.
Бул – “Үч чоку” аталган лыжа комплексин куруу. Эгер азыр айтылуу касиеттүү Ысык-Көлдө “Кумтөр” бүтүндөй мамлекетти багып жаткан болсо, бул курорт экинчи “Кумтөр” болот. Тамчы аэропортунун айланасында жүрүп жаткан курулуштар үчүнчү “Кумтөр” болот. Кызыл-Омпол төртүнчү “Кумтөр” болуп, мамлекетибизге миллиарддаган долларларды берет. Ошондуктан “Үч чоку” курорту башталышы гана.
Жогоруда айткан “Миңжүрөк” курорту жаңы салынган эс алуу жайы экен. Жарымы (50%ы) курулуп бүтүп калыптыр, калган жарымы курулуш стадиясында экен. Мага ал жакта инфратүзүм, тейлөө жагын жолго коюу, конок үйлөрүн куруу жана жайгаштыруу өңдүү маселелерди жеринде көрүү маанилүү болчу. Азыр эми башкы архитекторду баш кылып, курулушчуларды төш кылып ал жака да жөнөтүп жатам. Барып өз көздөрү менен көрүп келишсин.
Биз ири долбоорду ишке киргизгенге чейин дүйнөлүк тажрыйбаны толук иликтейли, алардын кемчилиги болсо, биздин долбоорду ишке ашырууда ошол кемчиликтерди кетирбейли, артыкчылыктарын өзүбүздүн долбоорго кошолу деп атабыз. Ошондуктан жакынкы-алыскы мамлекеттердеги лыжа базаларын жакшылап иликтеп, өз көзүбүз менен көрүп келип, жети өлчөп бир кесели деп дүйнөлүк тажрыйбаны карап жатабыз.
“Үч чоку” боюнча айта турган болсок, бул долбоор Кудай буюрса, Борбор Азиядагы эң узун трассага ээ ири лыжа комплекси болот. Үч трассанын жалпы узундугу 250 чакырым болот. Дүйнөлүк масштабдагы мелдештерди өткөрсөк болот.
2026-жылы Жыргалаң тарабындагы трассасын ишке берсек, 2027-жылы Ак-Булак жагындагы трасса бүтөт, 2028-жылдын декабрында буюрса, Боз-Учук тараптагы үчүнчү лыжа трассасы колдонууга берилип, Үч чоку трассалары бири-бири менен биригет. Ошентип Орто Азиядагы эн ири лыжа курорту бизде болот.
Ал эми жалпысынан бул долбоордун инфраструктурасы толугу менен 7-8 жыл аралыгында бүтөт деп турабыз.
Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев