Пятница, 17 мая

Кайрымдуулук долбоору августка пландалууда

0

Кыргызстанда калктын 1 миллион 429 киши жакыр турмушта жашайт. Бул официалдуу булактардын маалыматы боюнча. Ошондуктан калктын жакыр катмарына бир жолку акчалай жардам берүү иштери пландалууда. Токтомдун долбоору коомдук талкуудан өтүп, өкмөттүн кароосуна даярдалып жатат. Социалдык өнүгүү министрлиги долбоорду августта ишке ашырууну пландоодо. Эгерде ѳкмѳттүн колдоосун алса. Күнүгѳ жардам сурап кайрылгандардын саны ѳсүүдѳ деп билдирди министирликтен. 

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 429 киши жакыр турмушта жашайт. 97039 үй-бүлө аз камсыз болгон деп табылып, 307 697 бала жөлөкпул алат.

Социалдык колдоо долбоору

«Биз каражатты берип коюп эле карап туруп калбайбыз. Эки комиссия иш алып барат. Андан тышкары берилген мөөнөт аяктаганга чейин үй-бүлө акчаны кайсыл жакка сарптады, эмне иш кылып жатат бардыгы көзөмөлгө алынып турат. Бизге чакан ишкердик кылат элем, деп кайрылып жаткандар абдан көп. Алардын бизнес долбоору дыкат каралып, текшерилип чыгат»,- деди Социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү Асел Кемелова.

Социалдык долбоорго катышууну көздөгөн бизнес өкүлдөрдү дагы арбын. Мындай шартта бир жолу берилүүчү социалдык жардам жарандарга эмес, мекеменин эсебине которулат. Ал эми мекеме жакыр же аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүн туруктуу иш менен камсыздайт.

«Бул жерле чакан жана орто бизнес өкүлдөрү өздөрү кызыкдар. Маселен, кийим тигүүчү цехти эле алалы. Ал жакта эмгектенгендер каалагандай иштейт. Кааласа бир ай иштеп кетип калат. Кааласа он ай иштеп кетип калат. Ал эми биздин долбоор боюнча ишке орношкондор келишимдин негизинде, тиешелүү бир мөөнөткө чейин деп ишке алынат. Тагыраагы, иш берүүчү туруктуу жумушчулар менен камсыз болуп жатат»,- дейт Асел Кемелова.

Социалдык жардам, айлык жөлөкпулдан тышкары берилет жана кайтарылбайт. Бирок жаран келишимдин шарттарын аткарбай, каражатты максатсыз пайдаланган болсо, акчаны төлөп берүүгө аргасыз болот.

Коомдо аталган долбоорду сынга алып, жүз миң сом менен чакан бизнес ачып, жакырчылыктан чыгып кетүү мүмкүндүгү өтө төмөн дегендер дагы жок эмес.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз