Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык ажырашкан түгѳйлѳрдүн саны ѳсүүдѳ.Тагыраак айтканда, ар бир бешинчи түгөй эки айрылыш жолго түшүүдө.
Мунун бир нече себептери бар. Бирок коомчулукта мамлекет үй-бүлө иниститутун чыңдоого жетишерлик көңүл бурбайт жатат деген сындар айтылууда.
Кыргызстанда жыл сайын 9 миңден ашуун түгөй ажырашат. Бул сот аркылуу расмий ажырашкандардын гана көрсөткүчү. Никесин каттатпай жашап жүрүп же соттун кийлигишүүсү жок эки айрылыш жолго түшкөндөрдү эсепке алганда, ажырашкандар саны мындан дагы көп болушу мүмкүн.
«Маселен, акыркы эле беш жылды алалы. 2014-жылы 54 942 нике катталып, алардын ичинен 9 миң 235 түгөй ажырашып кеткен. 2018-жылы 49 579 нике катталып, алардын ичинен 10 миң 434 жуп никесин жокко чыгарган»,- дейт Улуттук статистика комитетинин өкүлү Тамара Таипова.
Адистердин айтымында, ажырашууга алып келген негизги себептердин бири аял-эркектин үй-бүлөдөгү ролу алмашып калганында. Көпчүлүк эрен-төрөн албаган менен үй-бүлө институтун бекемдөө эркектин лидерлик сапатынан жана жоопкерчилигинен көз каранды.
«Эркек лидер боло албаса коомду, үй-бүлөнү сактап калуу өтө кыйын. Маселен, аял киши чечим кабыл алып жатканда сезимге алдырып коюшу мүмкүн. Мындан улам үй-бүлөдө туура эмес маанай, чыр-чатак пайда болот. Эркектин алсыз экенин балдары сезип калса, атасын теңсинбей, кебин укпай, тескерилене баштайт. Эркек өзүн үйдө артыкбаш сезип, жагымсыз кырдаал түзүлөт. Ошондон улам үй-бүлөдөгү ынтымак кетип, сый-урмат жоголуп, аягы ажырашууга алып келет».
Ошондой эле жубайлардын үйдөгү бири-бири болгон ич ара мамилеси баланын жашоосунда чоң ролду ойнойт дейт психологдор. Баланын жан дүйнө тынчтыгынан тартып, анын окуусундагы ийгилиги, келечектеги жүрүм-турумуна чейин ушундан көз каранды. Бир катар өлкөлөр көп жыл иликтөөлөрдү жүргүзүп, үй-бүлөдөгү жаңжал алты айлык ымыркайдын жүрөгүнүн согуусу өзгөрткөнүн, стресс гормону болгон кортизолдун иштелип чыгуусуна жол ачканын байкашкан.
«Кыргызстанда үй-бүлө бузулгандан кийин көпчүлүк учурда жоопкерчилик эненин мойнунда калат. Бирок андай болбошу керек. Маселен, жалгызбой энелер тарбиялап өстүргөн балдар психологдорго көп кайрылышат. Себеби, аларда туура кеңеш бере турган эркектин мээрими жетишсиз болуп калат. Ал эми үйүндө үрүп чыга турган ити жок болуп, бирок бири-бирин колдоп, түшүнүү менен оокат кыла турган болсо андай үй-бүлөнүн балдары дагы бактылуу жана мээримдүү болуп өсүп чоңоет»,- деди Кадиян Бообекова.
Социологдор үй-бүлөнүн бекемдиги мамлекеттин экономикалык-социалдык абалынан дагы көз каранды экенин айтышат. Кыргызстан сыяктуу жумушсуздук жана миграция кеңири кулач жайган өлкөдө үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталган программалар кабыл алынбаса, келечегинде ажырашуулардын кесепти оор болот дейт бул жаатта иш алып барган уюмдар.