Суббота, 4 мая

Шаардык бийликте балдар маселелери боюнча түз байланыш телефондору иштеп жатат

0

Бул тууралуу мэриядан билдирди. Эми зордук зомбулукка кабылган балдар түз байланыш телефондура чалууга шар түзүлдү. Түз байланыш телефондору аркылуу келген ар бир маалымат дыкат каралып тиешелүү жактарга багытталат. Бишкек мэриясы калаанын ар бир районунда балдар иши боюнча түз байланыш кызматы иштеп жатканын маалымдады.

Шаардыктар ушул номерлер аркылуу социалдык маселелер, балдарга байланыштуу иштер боюнча кайрылып, ошондой эле мектептерде жана үйдө балдарга жасалган зомбулуктарды кабарлай алышат.

Телефон номерлер:

  • Биринчи Май району — 0(312) 66-15-37;
  • Октябрь району — 0(312) 51-03-75;
  • Свердлов району — 0(312) 53-05-76;
  • Ленин району — 0(312) 65-69-10.

Бул боюнча иш алып барган комиссия күн сайын жыйын өткөрүп. көйгөйлүү маселелерди жөнгө салып турмакчы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз