Суббота, 18 мая

Лондондо экологиялык кѳтѳрүлүш болуп жатат

0

Биз дем ала албай калдык, бизди ѳлтүрѳ турган аба менен дем алып жатабыз. Экстинкшн Рибелион экокыймылынын активистери Лондондун кѳчѳлѳрүн ээлешти. Акциянын катышуучулары,бийлик менен көмүр кычкыл газынын зыяндуулугун 2025-жылга карата нөлгө түшүрүү иш-аракеттер талап кылышууда. Азыркы күндѳ бийлин бул иш чараны 2050-жылга карата пландап жаткан.

“Мен балалуу болгондон корком. Келечегим үчүн кооптоном”,-деди акциянын катышуучусу.

Активистер жолдорду жаап, чатырларды тигип, үндѳрү бийликке жетишин талап кылууда. Аларды башка чоң шаарларда колдоп жатышат. Лондондон тышкары Бристоле, Кардиффе, Лидсе жана Глазго шаарларында да мындай акциялар уланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз