Россиянын илимдер академиясы менен Беларусиянын Улуттук Илимдер Академиясы жогорку технологияларды, космостук жана башка көптөгөн багыттар боюнча кызматташуу жана бекемдөө максатында эки өлкөнүн илимпоздору келишимге кол коюшту. Келишимге Беларусиянын Улуттук Илимдер Академиясынын президумунун тѳрагасы Владимир Гусаков жана Россиянын Илимдер Академиясынын президенти Александр Сергеев кол койду. Бул тууралуу УИАнын маалымат жыйыны билдирди.
Александр Сергеевичтин айтымында, эки ѳлкѳдѳ иштеген академиянын ѳз ѳлкѳлѳрүндѳ статустары ар башка болгону мындай келишимди түзүү зарылчылыгына ээ.
“РИА 2013-жылдагы реформага байланыштуу астындагы интитуттарды кѳзѳмѳлдѳѳ укугунан ажыраган. Беларусиянын УИАнын түзүлүшү башка. Анда илимий институттардын үстүнѳн башкаруу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан ушундай жаңы шарттарда иш алып баруунун жолун түздүк”,- деди ал.
РИАнын президентинин айтымында,мындай кызматташтык илимий-техникалык долбоорлордун жаңы айдоочусу болушу керек. Владимир Гусаков буларды кошумчалады, эки ѳлкѳнүн илимпоздорунун бирге иштеген долбоорлору кѳп. Алар ѳндүрүштѳ ишке ашышы керек.
Беларус УИА SIRIUSтун негизги илимий эл аралык долбоорлордун ѳнѳктѳшү болуп эсептелет. Долбоор РИАнын медико-биологиялык маселелер институнун, АКШын аэронавтика жана космостук мейкиндикти изилдѳѳ боюнча Улуттук агенттигинин колдоосунда жүргүзүлѳт. Анда келечекте адам баласын космосто узак убакытта болуусу каралган. Жакында эксперименттен кийинки баскычы аяктады. Ар улуттан түзүлгѳн топ тѳрт ай бою Айга реалдуу космоско учууга негизги мүнөздөмөлөрдүн модели иштелип чыкты.