Воскресенье, 24 ноября

Украина мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүүдө

0

Жекшемби 21-илюда Украинада мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо ѳткѳрүлѳт. Шайлоонун жыйынтыгында тогузунчу чакырылыштагы Жогорку Радасын курамы түзүлѳт.

Шайлоого катышуу үчүн, Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы 2747 талапкерлердин шайлоо тизмесиндеги 22 саясий партия катталган. Алардын баары парламентте 225 орун болот деп ырасташат. Шайлоодо кириш тоскоолдугу беш пайызды түзѳт 

Шайлоо  Донецк, Луганск областарын жана  убактылуу Россияга тиркелген Крым камтылган эмес. Шайлоодогу беш пайыздык кирүү тоскоолдугуна беш партия гана жеңе алат. президенти Владимир Зеленскийдин “Слуга народа” партиясы шайлоочулардын 49,5 пайызын түзѳрү күтүлүүдѳ. Россиячыл партия «Оппозиционная платформа — За жизнь» 10,5 пайыз топтойт.

Алдын ала божомолдордун негизинде Украинанын экс-президента Петра Порошенконун «Европейская солидарность» партиясы 7,7 пайызды,  мурдагы премьер-министр Юлии Тимошенконун «Батькивщина» партиясы – 6,9 пайыз, «Океан Эльзы» тобунун солисти Святослава Вакарчука «Голос» партиясы– 5,9 пайыз шайлоочулардын добушуна ээ болушат.

Буга чейин  Украинанын президенттик шайлоосунда Владимир Зеленский шайлоочулардын 73,22 пайыз добушуна ээ болуп жеңишке жеткен. Ал учурдагы президент Петр Порошенко болсо 24,45 пайыз добуш алган.

Зеленский кызматка киришкенден кийин дароо Жогорку раддын парламентти таркатуу, 21-июлда мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо ѳткѳрүү боюнча жарлыгына кол койгон.

Рада парламентти таркатуу тууралуу оюн Зеленский ант берүү аземинде сүйлөгөн учурунда жарыялаган.

Андан тышкары Зеленский ант берүү аземинде премьер-министр Владимира Гройсманды кызматтан кетүүгѳ чакырган. Бирок Жогорку Рада Гройсмандын 30-май кетүү  кызматтан кетүү боюнча токтом долбоорун колдоого алган жок. Долбоорго 297 депутаттын ичинен 97 макул, 226 каршы болгон.

Шайлоонун жыйынтыгында Зеленскийдин партиясы парламентте кѳп оорунду ээлеп, ѳкмѳттү түзүү мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз