Воскресенье, 24 ноября

Бишкекке жаратылыш газы менен жүргѳн автобустар алынуусу планда

0

Бишкек шаарынын башчысы Азиз Суракматов Түркиянын Стамбул шаарында «Анадолу Групп» холдингинин жетекчиси Тунджай Озильхан менен Бишкекке 500 автобус сатып алуу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу жетекчиликтен билдирди.

 Түркиялык ишкер Бишкекке 500 автобус алуу үчүн насыя берүүгө ниеттенүүдө

«Тунджай Одильхан Түркиядагы эң ийгиликтүү ишкерлердин бири. Анын байлыгы 1,6 миллард долларга барабар. Ал Бишкек мэриясына 15 жылдык мөөнөт менен 1,7 пайыздык жеңилдетилген насыя берүүгө ниеттенип жатат. Буга мэрия 500 автобус сатып алууну пландоодо», — деп айтылат билдирүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кеп «Анадолу Исузу» компаниясы жасап чыккан автобустар жөнүндө болуп жатат. Бул Япония-Түркия биргелешип ачкан алгачкы автомобиль куруучу ишкана. Ал 26 өлкөгө автоунаа экспорттойт.

Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчи орун басары Нурлан Атыканов:  «Бишкекте маршруттук таксилерден азайтуу үчүн мэрия 800дөн 1000ге чейин автобус сатып алышы керек», -деди

Жүргүнчүлѳрдүн айтымында, маршруттук таксилер ыңгайсыз, орой мамиле жасаган айдоочулардын транспорту жоюлуп, сапаттуу, ыңгайлуу автобустарда жол жүрүү кыялыбызда гана.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз