Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Жогорку Кеңештин депуттарынын көк бөрү оюнунуна тыюу салуу боюнча пикирлерине комментарий берди.
Мекеменин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айында Нооруз майрамын белгилөө үчүн пландаштырылган көк бөрү оюну боюнча салттуу иш-чараны убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган. Муну менен агенттик көк бөрү оюнуна толугу менен тыюу салынган эместигин билдирди.
“Көк бөрү оюну кыргыз эли үчүн, маданияты жана каада-салттары үчүн чоң мааниге ээ экендигин түшүнөт, бирок спортчулардын ден соолугу жана коопсуздугу көбүрөөк маанилүү деп эсептейт. Мамагенттик кабыл алынган чечимге түшүнүү менен мамиле кылууну жана бардык катышуучулардын коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыздоого багытталган чараларды колдоону өтүнөт”, — деп белгиледи агенттик.
Ошондой эле жакынкы арада мамагенттик Көк бөрү федерациясы менен биргеликте кызматташуу келишимине кол коюу маселесин иштеп чыгарын, анда жоопкерчилик тууралуу нормалар так жазыларын айтты. Мындан тышкары, көк бөрү боюнча калыстарды жана оюнчуларды жаңы эрежелерге окутуу пландалып жатканын кошумчалады.