Буга чейин аялдар эркектин (күйөөсү, атасы, агасы же баласы) уруксаты менен гана паспорт алышчу.
Жаңы мыйзамга ылайык Сауд Арабияда аялдар чет өлкөгө эркектин уруксаты жок эле чыга алышат.
Сауд Арабияда жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, аялдар чет өлкөгө эркектин уруксаты жок эле чыга алышат. 21 жашка чыккан кыз-келиндер өз алдынча паспорт алууга укуктуу.
Талдоочулар жаңы мыйзам мамлекет үчүн чоң кадам экенин белгилешүүдө. Анткени бойго жеткен кыз-келиндер эркектер сыяктуу эле тоскоолдуксуз паспорт алууга мүмкүнчүлүк алды. Падышалык жарлыкка ылайык, паспорт алуудан тышкары аялдар жаңы төрөлгөн балага күбөлүк, нике күбөлүгү же ажырашуу боюнча документ алууга укуктуу болушту.
Саудиялык аялдардын акциясы
Айрым саудиялык кыз-келиндер «абайя» же бүт денени жапкан узун көйнөккө каршы нааразылык акцияларын баштаган. Алар каршылык маанайын — көйнөктүн ичин аңтарып алып кийүү менен билдиришкен. Анысын болсо, сүрөткө тартып, коомдук медиа аркылуу таратышкан.
Сауд Арабия бийлиги ондогон жылдар бою коомдук жайларда аялдарга «абайя» көйнөгүн кийүүгө милдеттендирген. Ошондой эле алар бетин жапкан «никаб» дагы кийип жүрүшү шарт эле.
Андан тышкары аялдар паспортко тапшыруу, чет өлкөгө чыгуу, банк эсебин ачуу же абактан чыгуу (жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин жолдошу же баласы абактан алып чыгып кетиши керек) үчүн эркектин уруксаты керек эле. Бул система Жакынкы Чыгыштагы аялдар менен эрекектердин ортосундагы теңсиздикти пайда кылган.
Эки жыл мурун ханзада Мухаммед бин Салман «2030-жылга карата социалдык жана экономикалык реформалар» боюнча концепцияны жарыялап, бийлик тарабынан киргизилген чектөөлөрдүн көбү бошоңдой түшкөн.
Ал эми 2018-жылдын июнь айынын тарта аялдарга айдоочулук күбөлүк алууга укук берилген.
Сауд Арабиясынын падышасы 2018-жылдын июнь айынын тарта аялдарга айдоочулук күбөлүк алууга укук берген жарлыкка кол койгон. Ага чейин Сауд Арабиясы аялдарга унаа айдоого тыюу салган жападан жалгыз өлкө болуп келген. Мындай укук алууга умтулган аялдарды көп учурда камакка алышчу. Ал эми консервативдүү динчилдер аялдардын унаа башкарганына катуу каршы туруп келишкен.
Өлкөдө падышалык үй-бүлө мүчөлөрү жана диний институттар «ваххабизм» деп таанылган исламдын агымын колдойт. Ошондуктан өлкөдө жүрүм-турум эрежелеринен, кийинүү маданиятына чейин бекем көзөмөлгө алынган. Өзгөчө катаал чектөөлөргө, албетте, аялдар туш болгон.
Азыркы реформалар негизинен экономикалык себептерге байланыштуу. Мунайдын баасы арзан болуп жаткандыктан өлкө бийлиги каржылоонун жаңы булактарын издеп жатат. Адам укуктарын коргогон уюмдар болсо өлкөдө айрым жеңилдиктиктер берилгени менен аялдардын укуктары дагы деле тебеленип келгенин белгилешет. (AT)