Воскресенье, 7 декабря

Берлинде кыргыз-немис бизнес-форуму өттү

0

Берлин шаарында кыргыз-немис бизнес-форуму жана Ишкер кеңештин V жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, иш-чарага Германия экономикасынын Чыгыш комитети жана Германиянын соода-өнөр жай палатасы катышты.
Ишкер кеңештин жыйынын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Гамбургдагы ардактуу консул Карл Элердинг ачты. Алар экономикалык, билим берүү жана технологиялык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн, биргелешкен долбоорлорду кеңейтүүгө бизнестин кызыгуусун баса белгилешти.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров өз сөзүндө Кыргызстан ишенимдүү жана келечектүү өнөктөш позициясын бекемдөө менен инвестицияларды тартууга басым жасай турганын айтып, Германиянын жогорку технологиялык компанияларын кызматташууга жана инвестициялоого чакырды.

Өлкө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багыты боюнча 68-орундан 22-орунга көтөрүлүп, 90 долбоордон турган 434 млрд сомдон ашык суммадагы портфелди түздү.

Мындан тышкары, инвестициялар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө жаңы мыйзамдар Борбор Азиядагы инвесторлор үчүн эң заманбап укуктук системалардын бири болду. Жакында инновацияларды өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачкан «Венчурдук каржылоо жөнүндө» мыйзам да каралат.

Форум эки өлкөнүн мамлекеттик ведомстволорунан, финансылык институттарынан жана ишкер чөйрөлөрүнөн 300дөн ашык катышуучуларды чогултту.
Панелдик талкууларда тараптар Кыргызстанда немис модели боюнча кош билим берүү системасын киргизүү, мыйзамдуу жана уюшкан эмгек миграциясы, энергетика, «жашыл» технологиялар, IT, айыл чарба, медицина жана башка тармактарда кызматташуу тууралуу макулдашышты.

Иш-чаралардын жыйынтыгында кызматташуу жана мындан ары өз ара аракеттенүү жөнүндө бир катар документтерге кол коюлду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз