Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.
Саат 08:00дө өлкө аймагы боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылып, добуш берүү башталды.
Ал эми чет мамлекеттерде жарандардын шайлоо укугун камсыздоо максатында 100 шайлоо тилкеси түзүлдү.
Ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү тилкеси иштейт. Алардын катарында аэропорттордо (учуу жана конуу зоналарында), ири базарларда, соода борборлорунда, тергөө абагында, медициналык мекемелерде жана адамдар көп топтолгон башка жайларда жайгашкан пункттар бар.
БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине 4 млн 294 миң 243 шайлоочу кирди:
— эркектер – 2 млн 81 миң 514, же 48,47%;
— аялдар – 2 млн 212 миң 729, же 51,52%.
Жашы боюнча карай турган болсок:
— 18 жаштагылар – 104 миң 693, же 2,44%:
— 19-35 жаштагылар – 1 млн 707 миң 851, же 39,77%
— 36-45 жаштагылар – 923 миң 975, же 21,52%
— 46-55 жаштагылар – 650 миң 851, же 15,16%
— 56-65 жаштагылар – 528 миң 771, же 12,31%
— 66 жаштан жогоркулар – 378 миң 102, же 8,80%.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышуу үчүн жалпы 460 талапкерди каттады.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.
