Владимир Зеленскийдин кеңсе жетекчиси Андрей Ермак коррупциялык жаңжалдан улам отставкага кетти.
«Кеңсе жетекчиси Андрей Ермак отставкага кетүү боюнча арыз жазды», — деди Зеленский видео кайрылуу жасап жатып.
Буга чейин «Украинская правда» Зеленскийдин айланасындагылар Ермакты энергетикадагы коррупция боюнча ишке тиешелүүлүгүнөн улам кызматтан кетирүүнү сунуштап келишкенин жазган болчу. Демилгени Раданын бир топ депутаты колдогон. Бирок Зеленский Ермакты иштен алуунун ордуна АКШ жана Киевдин башка өнөктөштөрү менен абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшө турган делегациянын жетекчиси кылып дайындаган.
Financial Times гезитинин кабарчысы Кристофер Миллер Ермактын үйүнүн тинтилиши энергетикадагы коррупцияны иликтөө менен байланыштуу экенин тастыктаган. Ал эми «Страна.ua» басылмасы АКШ НАБУ аркылуу Зеленскийди тынчтык планы боюнча көз карашын өзгөртүүгө мажбурлап жатканын божомолдогон.
