Воскресенье, 7 декабря

Шайлоого жалпысынан 788 эл аралык байкоочу көз салууда

0

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 788 эл аралык байкоочуну каттады.

Алардын ичинде КМШ, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясы сыяктуу эл аралык миссиялардан жана элчиликтерден келген байкоочулар бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз