30-ноябрь саат 20:00гө карата чет өлкөлөрдө добуш берген Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы саны 21 миң 986 адамды түздү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек убактысы боюнча саат 20:00гө карата Япония, Корея, Кытай жана Россиянын айрым шаарларында жайгашкан Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү 22 шайлоо тилкесинде добуш берүү жараяны жыйынтыкталды.
Ал эми чет өлкөлөрдө жайгашкан дагы 77 шайлоо тилкесинде добуш берүү уланууда. Бул тилкелер Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравиясы, Египет, Улуу Британия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Бельгия, Франция, Швейцария жана башка мамлекеттерде ачылган.
Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө АКШдагы шайлоо тилкелери да ишин баштады. Алардын катарында Филадельфия, Чикаго, Вашингтон жана Нью-Йорк шаарлары бар.
Эске салсак, жалпы чет өлкөлөрдө 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо тилкеси ачылган. Сааттык айырмачылыктарга байланыштуу айрым шайлоо тилкелеринде добуш берүү кечирээк аяктайт.
Добуш берүү жараяны акыркы болуп АКШнын Сан-Франциско шаарындагы шайлоо тилкесинде 1-декабрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө жыйынтыкталат.
