Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунда жана Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы ашууларда жол дээрлик көрүнбөй, шамаал катуу болууда.
Ага карабастан жол тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.
Азыркы тапта Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Түз-Бел ашуусуна унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Аталган аймакта катуу бороон басылар менен Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери уланат.
Ал эми Долон, Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө. Башка унаа жолдордо жана ашууларда каттам бар.
Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын кезмет уюштурулуп, күнү-түнү кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылып жатат.
Бирок, айрым аймактарда кардын калың түшүшү жана сааттап болгон катуу бороон атайын техникалардын ишин кыйла кыйындатууда. Жаралган кырдаалды ыкчам түрдө жоюуга бардык аракеттер көрүлүп, кошумча техникалар да тартылып жатат.
