Понедельник, 20 апреля

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйыны 17-декабрда өтөт

0

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйыны 17-декабрда өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан «Кабар» агенттигине билдиришти.

Белгилей кетсек, саналуу күн мурун Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары боюнча токтом кабыл алган.

Ага ылайык, 30 көп мандаттуу шайлоо округунда шайлоо өттү деп таанылган. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча 29 округда Жогорку Кеңештин депутаттыгына 87 талапкер шайланды деп таанылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз