Четверг, 11 июня

Вадефуль: Путин НАТО менен согушка даярданууда

0

Орусия «агрессивдүү жана империалисттик багытты» улантууда, деп билдирди Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль.

Италиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган Италия элчилеринин 18-конференциясында элчилер менен сүйлөшүп жатып Вадефуль: «европалыктардын катышуусуз Европанын коопсуздугу боюнча эч кандай чечим кабыл алынбайт», «Чек араларды күч менен өзгөртүүгө болбойт», — деди.

Ал: Орусия агрессивдүү жана империалисттик өлкө бойдон калууда». «(Орусиянын президенти Владимир) Путин НАТОго каршы согушту иштеп чыгууда, Биз буга даяр болушубуз керек», — деп баса белгиледи министр.

Ал ошондой эле Украинанын аскердик потенциалын андан ары чыңдоо зарылдыгын баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз