Камбоджа менен Таиланддын ортосундагы чек арадагы кагылышуулар дагы эле уланып, 7-декабрдан бери 31 адамдын өмүрүн алды.
Камбоджанын мамлекеттик маалымат агенттиги Agence Kampuchea Presse (AKP) билдиргендей, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кагылышуудагы курмандыктар тууралуу билдирүү таратты. Анда 15 Камбоджа жараны каза болуп, 76 адам жаракат алып, 420 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду..
Bangkok Post гезитинин маалыматы боюнча, Камбоджанын «тыңчылары жана жалданма аскерлери» Таиландга кирип, саботаж актыларын жасоого аракет кылып жатканы тууралуу маалыматтардан кийин Таиланддын премьер-министри Анутин Чарнвиракул бир катар кошумча коопсуздук чараларын көрүүнү буйруду.
Атап айтканда, Таиланд бийлиги Камбоджа жарандарынын өлкөгө кирүүсүнө көзөмөлдү күчөттү жана бийлик тарабынан коркунуч туудурат деп эсептелген чет элдик жүргүнчүлөрдүн айрым топторун текшерүүнү күчөттү.
