Вторник, 20 января

Сирия армиясы SDG террордук уюмуна каршы операция баштады

0

Сирия армиясы ПКК/YPG террордук уюмунун (ПККнын Сириядагы бөлүмү) чабуулдарына жооп катары Алепподо чектелген аскердик операция баштоо ниетин жарыялады. ПКК/YPG өлкөдө «Сирия демократиялык күчтөрү» (SDF) деген ат менен иш алып барат.

Сирия Маалымат министрлигинин Тышкы медиа башкармалыгынын билдирүүсүндө акыркы бир айдын ичинде террордук уюмдун чабуулдарынан 20дан ашык жай тургун жана 25тен ашык аскер кызматкери каза болуп, 150дөн ашык адам жаракат алганы айтылат.

Билдирүүдө бул чабуулдар Алепподогу күнүмдүк жашоого жана соодага олуттуу тоскоолдук жаратканы белгиленген.

Анда операция жергиликтүү чечимдин негизинде жана Алеппо тургундарынын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөрү баса белгиленди. Операциянын максаты — уланып жаткан аткылоолорду, снайпердик чабуулдарды жана дрондук соккуларды токтотуу, коопсуздукту калыбына келтирүү, Алеппо-Азаз жолун кайра ачуу жана жай тургундарды коргоо.

Ошондой эле бийлик өкүлдөрү аскердик аракеттер эл аралык мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөрүн, жарандарды эвакуациялоого артыкчылык берилерин жана соккулар чабуулдар үчүн жооптуу куралдуу топторго гана багытталарын билдиришти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз