“Көкөтөйдүн ашы – көп чырдын башы”,- демекчи, Нарын районунун аймагындагы Солтон-Сары жайлоосунда ал жерде алтын кенин иштетип жаткан (өкмөттүн билдирүүсү боюнча геологиялык чалгындоо иштерин гана жүргүзгөн) кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясы менен жергиликтүү элдин ортосундагы алгачкы пикир келишпестик өткөн айдын этегинде же эки жума мурда эле башталган. Анда аталган жайлоодогу кой, козулар ууланып, кантип тыбырап өлүп жаткандагы видеосу уюлдук телефондорго тартылып, интернет аркылуу бүтүндөй коомчулукка тараган. Балким, бул окуя жөн гана айрым гезит, маалымат агенттиктеринде жазылып, макул сүрөтү менен кошо жарыяланса, анчалык деле резонанс жаратмак эместир. Бирок мал болсо да жаш козулардын тыбырап өлүп жаткандыгын көргөн ар бир адамдын зээни кейип, ушул мал жаныбарды ууландырган тарапка кыжыры кайнабай койгон эмес.
Ооба, алгач баарыбыз эле ууланган койлор уулу чөп жеп алгандыр деп ойлогонбуз. Бирок окуя болгон жерге барган адистер ошол аймакта кен казуу иши менен алектенген кытайлык компания мышякты таштап койгондуктан, аны мал жеп алгандыгын аныкташкан. Бир чети өкмөт да карап отурбай, биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жумуш сапары менен Солтон-Сары жайлоосундагы кенге барып, андагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, кендеги объекттерди жана карьерлерди көрүп чыккан.
Ага бул тилкеде кен иштетүүгө уруксат алган Jhong ji Mining кытай компаниясынын өкүлдөрү өздөрү тарабынан жасалып жаткан кен иштери тууралуу айтып беришкен.
Кубатбек Боронов жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууда Солтон-Сарыда мал кырылгандыгына байланыштуу атайын комиссия бир катар лаборториялык экспертизаларды жүргүзгөнүн да айтып берген.
«Биз керектүү маалыматтарды берип, силердин суроолоруңарга жооп бергени келдик», – деген ошондо Кубатбек Боронов.
«Компаниянын ишинде бир катар мыйзам бузуулар бар, алар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар иш алып барышууда, бардыгын оңдоо талабы менен эскертүүлөрдү берип жатышат. Алар баарын оңдошот. Эң башкысы компаниянын ишмердүүлүгү адамдарга жана экологияга зыян келтирбеши керек. Компания ишин өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзөт. Муну биз көзөмөлгө алабыз», – деп, биринчи вице-премьер-министр нарындыктарды ынандыргандай болгон.
Андан соң Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калыс Жумаканов билдиргендей, Солтон-Сарыда малдын кырылганы боюнча экспертиза жасалып, малдын мите ооруларынын, топурактын жана суунун анализи жасалды.
«Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча малдын 66% өпкө, боор жана ичегинин мите ооруларынан кырылган. Малга вакцина жасоо боюнча алдын алуу иштери толук кандуу жүргүзүлгөн эмес. Тийиштүү вакцинация жасалбаса, мал дагы кырылат. Ошондуктан жарандар бул маселелерди чечүүгө олуттуу кароого тийиш» – деп, маселени башка нукка бурган же өзүңөр вакцина жасатпагандыктан кесел малыңар кырылып жатыптыр деди.
Демек, экспертиза Jhong ji Mining кытай компаниясынын ишине байланыштуу эч кандай зыяндуу заттар жоктугун көрсөттү, адамдардын жана малдын саламаттыгына таасирин тийгизген заттар аныкталган эместигин баса белгилеген.
Мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык кызматтын башчысы Төлөнбай Исаков болсо топурак жана суу текшерилип, натыйжада цианид аныкталган эмес. Ал ошондой эле Солтон-Сары кениндеги жана жайлоосундагы радиациясынын деңгээли ченемдерге дал келерин далилдеген.
Ошол эле учурда жергиликтүү тургундарга кытай компаниясына эскертүүлөр берилгенин маалымдашып, ага ылайык жардыруу иштеринин аралыгы өзгөртүлүп, бул иштер жаңы система боюнча ишке ашырыла тургандыгы убада кылынган.
Анткен менен айрым жашоочулар компаниянын ишмердүүлүгү менен малдын кырылышын байланыштырып жатышкандыгын өкмөт өзү деле расмий сайтында билдирген.
Мындан тышкары Кубатбек Боронов чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча Өкмөттүн иши тууралуу айтып берип, жергиликтүү жашоочулар улам эле кайсы бир ишкананы жабууну талап кыла беришсе, анда инвестициялар жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү тууралуу айта алабызбы дегендиги деле чындык. Анын пикиринде эгерде компания же ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында иштесе, экологиялык ченемдерди сактаса, аларга иштөөгө мүмкүндүк берүү керек.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кубатбек Боронов Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, райондун акимине жарандар айткан маселелер боюнча бир катар тапшырмаларды берип, аларды ыкчам чечүүнү талап кылып Бишкекке кайткан.
Бирок демейдегидей эле биринчи вице-премьер-министрдин жергиликтүү элге берген убадасы сөз боюнча калып, иш жүзүндө эч нерсе аткарылган эмес окшойт. Анткени кытайлык компания баягыдай эле ишмердүүлүгүн улантып, ал эми малы кырылган элге “коюң кесел экен, ошон үчүн өлдү” деген айып коюлуп, күйүп кала берди. Балким, кимдир-бирөөлөргө, кытайлык компанияга отуз чакты койдун кырылгандыгы трагедия эместир. Ал эми бар байлыгы төрт түлүк мал болгон, ошонун арты менен бала-чакасын багып, окутуп, тиричилигин өткөрүп жаткан карапайым элге бул чоң трагедия, жоготуу эмеспи. Айтор малы кырылгандыгы үчүн өзүн келесоо ойлоп калган элдин кайра кыжыры келип, ичине бугу толуп кала берди. Эми ветеринар адис эмес кишиге деле ичегисин курт баскан мал бир заматта жапырт кырылып калбашы түшүнүктүү да. Анын үстүнө быйыл кышында туулган 4-5 айлык козулар кайдан ичеги-карын илдеттерине кабылсын? Эгер бийлик маселени биротоло чечкиси келсе, кытайлык компаниянын эсебиненби же башка жол мененби, ууланган кой, козуларды төлөтүп берсе, анда элдин жек көрүү сезими тарап, айкөл, кечиримдүүлүгүн көрсөтмөк.
Ким билет, өкмөттүн ушундай куу жана өгөй мамилесине кыжырдандыбы же мындай “ыңгайлуу учурду” пайдаланып кеттиби, кыскасы 5-августта Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык компаниянын ишмердүүлүгүн токтотуу талабы менен 500гө жакын киши чогулду. Ошол жеке адамдар социалдык тармактарга жарыялаган видеодон Кыргызстандын желегин көтөрүп алган жаштарды көрүүгө болот. Көп өтпөй жергиликтүү тургундар менен ишкананын жумушчуларынын ортосунда чыр-чатак чыгып, эки тарап тең бири-бирине таш ыргыта башташкан. Андан жыйырмага жакын кытайлыктар жаракат алып, Нарын облусттук ооруканасына кайрылышкандыгы маалымдалды. Мындан тышкары жергиликтүү элден да таш тийип жабыркагандар болгондугу айтылууда.
Ошол эле видодогу маалыматка ылайык, Кыргызстандын милициясы менен атайын даярдыктагы кызматкерлери кытайлык компаниянын жүздөй кызматкерин коргоп, кенден чыгарып кеткендиги, азыр ал жерде кытайлыктар калбагандыгы айтылууда. Жергиликтүү эл болсо бийликтен кытайлыктарды биротоло чыгарууну талап кылып жатат.
Эгер УКМК “Солтон-Сары” алтын кениндеги жаңжалдын видеоматериалдары калктын нааразылыгын жарата тургандыгы тууралуу “Айтылган видеоматериалдар коомчулуктун терс реакциясын жаратып инвесторлор менен “Zhong Ji Mining company” компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү калктын ортосундагы улут аралык тирешүүгө себеп болушу мүмкүн”, – деп эскертпесе, эл арасына кеңири жайылып кетмек.
Анткен менен 6-августта таңга жуук Солтон-Сарыга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын төрагасы Мелис Турганбаев баш болгон генералдар шашылыш жөнөп кеткендиги эле кырдаалдын канчалык курч экендигин көрсөтүп турат.
Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү жетекчилердин катышуусунда чукул өкмөттүк жыйын өткөрүп, Солтон-Сарыдагы окуя жеке көзөмөлүндө экендигин билдирип, «Эгерде инвестор талаптарды жана биздин жарандардын укуктарын буза турган болсо, биз аларга карата чара көрө турганыбызды белгилей кетким келет. Бирок баары мыйзам чегинде болушу керек. Эгерде ушул сыяктуу окуялар үчүн адамдар ишканаларды жабууну талап кыла беришсе, инвесторлор бизден баш тартышат», — деди.
Эгер эсиңиздерде болсо, былтыр кыштын ызгаар чилдесинде Бишкектин чок ортосундагы Ала-Тоо аянтында айрым батышчыл “демилгелүү” активисттер тарабынан Кытайдын мусулмандарга, анын ичинде кытайлык кыргыздарга карата катаал мамилесине каршы митинг өткөрүшкөн. Кийин айрым эксперттер менен россиялык басылмалар бул акциянын артында АКШнын Кытайга каршы, Кыргызстанда кытай бийлигин жек көргөзүүнү көздөгөн саясаты жүргүзүлгөндүгүн айтып, жазып чыгышкан. Ал эми жай чилденин мээ кайнаткан саратанындагы Солтон-Сарыда кытайлык компанияга каршы акциянын артында да кайсы бир үчүнчү… күч жаткан жокпу?!
Э. Досназаров.