Понедельник, 25 ноября

Опумбаев Жээнбековго, Атамбаевди кармоонун беш вариантын сунуштаган.

0

Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча катуу тапшырмаларды берген. Бул туурасында УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев маалымат жыйын учурунда айтты.

Кой-Таштагы окуя боюнча УКМК башчысы Орозбек Опумбаев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ИИМ башчысы Кашкарбек Жунушалиев маалымат жыйын өткөрүштү.

Опумбаев Жээнбековго кармоонун беш вариантын сунуштаганын белгиледи.

«Мен президент Сооронбай Шариповичке беш вариантты алып барып көрсөткөм. Ал күч менен алып келүү боюнча катуу тапшырма берген. Бирок курал колдонуп, ок атылбасын, эл жапа чекпесин деп эскерткен. Бирок бул операция качан жасалат жана кайсы вариантты колдонорубуздан кабары болгон эмес. Чечимди өзүм кабыл алгам», — деди Опумбаев.

 Ал эми башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге «куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «киши өлтүрүү», «массалык башаламандык уюштуруу» беренелери менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул өтө оор беренелер.

Белгилей кетсек, 7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган. Атайын даярдыктагы жоокерлердин алты аскери 20 саатка барымтага алынган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандап, 26-августка чейин камакта калтырылды. Мындан сырткары, бир нече тарапташы камалып, суракка чакырылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз