Франциянын Бордо портуна токтогон круиздик кемеде норовирус шектенүүсү менен башталган абал 90 жаштагы жүргүнчүнүн каза болушу менен курчуду.
Саламаттыкты сактоо жетекчилери болжол менен 50 жүргүнчүдө жүрөк айлануу, кусуу жана ич өткөк белгилери байкалганын, ал эми кемедеги 1700дөн ашык адамдын карантинге алынганын жарыялашты. Карантин мөөнөтү качан аяктаары тууралуу азырынча расмий билдирүү жок.
Норовирус дүйнө жүзү боюнча круиздик кемелерде ашказан-ичеги ооруларынын эң көп кездешкен себеби болуп саналат. Вирус булганган тамак-аш жана суу, эшиктин туткалары жана тосмолор сыяктуу кол көп тйиген жерлер же түз байланыш аркылуу оңой тарайт. Бейтаптарда симптомдор адатта 1 күндөн 3 күнгө чейин созулат, бирок жабык жана эл көп чогулган чөйрөлөрдө вирус өтө тез жайылат.
Кариб деңизиндеги кемеде дагы кооптуу абал
Бордодогу эпидемия менен бир убакта Кариб деңизинин сууларында сүзүп бараткан Caribbean Princess круиздик кемесинде да ушундай эле жагдай. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун маалыматтарына ылайык, 28-апрелде Флорида штатынын Форт-Лодердейл шаарынан 3116 жүргүнчү жана 1131 экипаж мүчөсү менен жолго чыккан кемеде 102 жүргүнчү жана 13 экипаж мүчөсү норовирустун белгилери менен ооруду. Оору жуккан адамдар дароо обочолонуп, компания бардык аймактардын дезинфекцияланганын жарыялаган.
Кабар жазылып жаткан сааттарда кеме Доминикан Республикасынын жээктеринде бараткан жана жекшемби күнү Багам аралдарынын борбору Нассауга токтошу пландалууда. Компания кийинки сапарга чейин кеме толугу менен дезинфекцияланарын билдирди, бирок эпидемиянын келип чыгуу булагы тууралуу эч кандай маалымат бөлүшүлгөн жок.
