Четверг, 14 мая

Түндүк-Түштүк унаа жолу кайрадан ачылды

0

Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун 241,5-чакырымына тоодон түшкөн таш көчкү жана топурак толук тазаланды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жол ачылды.

«Учурда аталган тилке коопсуз абалда. Эки тараптуу унаа кыймылы калыбына келтирилди», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, күн мурун аталган жолго таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз