Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Маданият министрлигине мамлекеттик кызматкерлер үчүн улуттук элементтер камтылган форманын дизайнын иштеп чыгып, сунуштоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
«Буга ылайык, келечекте мамлекеттик кызматкерлер улуттук кийим үлгүсүндөгү формаларды кийиши мүмкүн. Ал эми протоколдук жана эл аралык иш-чараларда белгиленген дресс-код мурдагыдай эле сакталат”, — деп белгиледи ал.
Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерге күндүн ысык мезгилинде галстук жана костюмсуз иштөөгө уруксат берген токтом кабыл алынды. Маалыматка ылайык, мындай чечим кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө жана электр энергиясын үнөмдөөгө багытталган. Ошол эле учурда кондиционерлерди колдонууга тыюу салынбай турганы айтылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул демилгени Япониядагы тажрыйба менен салыштырды.
“Японияда кызматкерлер костюм жана галстуктан баш тартып, жеңил кийим менен ишке келе баштагандан кийин электр энергиясын үнөмдөө кыйла жогорулаганы байкалган”, — деди жыйында.
