Четверг, 21 мая

Жалал-Абадда сел жүрдү

0

Кечээ, 19-май күнү кечинде Жалал-Абад облусунун бир катар аймактарында нөшөрлүү жамгыр жана мөндүр жаап, натыйжада Ала-Бука, Аксы райондорунда жана Майлуу-Суу шаарында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда куткаруучулар жана жергиликтүү кызматтар кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Ала-Бука району: Кызыл-Ата айылында 3 турак үйдүн жер төлөсүнө суу кирген, ал эми Жапа-Салды жана Ак-Там айылдарында сел атайын сайлар аркылуу коопсуз өткөн. Кербен — Ала-Бука жолунун 23,8-чакырымындагы көпүрөнү суу жеп кеткен. Сай жайлоосуна кеткен ички чарбалык көпүрөнү жана Достук айылындагы 50 метр жолду суу жеп кеткендиктен, каттам убактылуу токтотулган.

Аксы району: Ак-Жол айыл аймагында жалпы 7 турак үйдүн короосун суу каптаган, анын ичинде Караган-Сай айылында — 3, Жаңы-Жол айылында — 2, Жолборсту айылында — 2. Сыны айылында сел суулары 1 жеңил унааны агызып кеткен. Кичи-Ак-Жол — Жолборсту жолундагы көпүрөнүн бир устунун сел жеп, жол жабылган. Мындан улам жеңил унаа өтө албай калган. Таш-Көмүр — Кара-Жыгач — Кербен унаа жолунун 45 жана 48-чакырымдарын сел каптап, каттам убактылуу жабылган. Кичи-Ак-Жол — Пионер-Лагерь жолун кум-шагыл баскан, каттам бар.

Майлуу-Суу шаары: Саат 22:30 чамасында колоттордон түшкөн сел суулары Ленин көчөсүндөгү унаа жолун каптап, кыймылга тоскоолдук жараткан. Буга байланыштуу ӨКМден 7, Жарандык коргонуудан 10 кызматкер жана мэриядан 1 экскаватор тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле ӨКМ кызматкерлери жана атайын техникалар түнү менен иштеп, Таш-Көмүр — Кара-Жыгач — Кербен жолунун сел баскан тилкелерин бир тараптуу тазалап, ачышты.

Бүгүн, 20-майда Ала-Бука жана Аксы райондорундагы селдин калган кесепеттерин жоюу жана жолдорду толук калыбына келтирүү иштери улантылууда.

Кырсыктан жабыркаган жарандар тууралуу маалымат түшкөн жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз