Вторник, 26 мая

Кыргызстандык өндүрүүчүлөр Ташкенттеги фестивалга катышты

0

Ташкент шаарында маданий салттардын жана улуттук тамак-аштардын XXII эл аралык кайрымдуулук фестивалы өттү.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү улуттук павильонду уюштурду. Ошондой эле «Алайку Органикс», «Абдыш-Ата» жана «Медовая артель» сыяктуу ата мекендик алдыңкы өндүрүүчүлөрдү тартууда жигердүү көмөк көрсөттү.

«Кыргыз бренддеринин продукциялары, улуттук тамак-аштар жана элдик кол өнөрчүлүк буюмдары чет элдик дипломаттардын жана иш-чаранын конокторунун арасында чоң суроо-талапка ээ болду. Фестивалга катышуу Кыргызстандын экспорттук дараметин көрсөтүүгө гана эмес, гуманитардык байланыштарды чыңдоого да өбөлгө түздү», — деп айтылат маалыматта.
Иш-чара кайрымдуулук мүнөзүндө өттү. Сатуудан түшкөн бардык каражаттар онкологиялык оорулардан жабыркаган жана майыптыгы бар балдарга колдоо көрсөтүүгө жана жардам берүүгө багытталат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз