Бүгүн борбор калаада Курман айт майрамына карата айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окулду. Бишкектин тургундары жана коноктору Эски аянтка таңкы саат алтыдан тарта эле чогула башташты. Саат 07:00дө Куран окулуп, дин аалымдарынын баяндары башталды.
Маанилүү диний иш-чарага өлкө жетекчилиги, анын ичинде президент Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев катышты.
