Кечээ Бишкекте ”Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) интеграциясын тереңдетүү үчүн Кыргызстан менен Кытайдын медиа коомчулугунун кызматташтыгын өнүктүрүү“ аталышындагы кыргыз-кытай медиафоруму өттү.
Форумдун алкагында ”Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү менен Кытайдын ”Жэньминь жибао“ гезитинин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна, ошондой эле ”Слово Кыргызстана” жалпы улуттук гезити менен Кытайдын ”Хуаньцю шибао“ (Global Times) гезитинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.
”Кыргыз Туусу” МБҮнүн башкы директору Галина Байтерек учурда дүйнө олуттуу геосаясий, экономикалык жана технологиялык өзгөрүүлөрдү башынан кечирип жатканын белгиледи. Мындай шартта саясат менен экономика гана эмес, ишенимдин, жоопкерчиликтин жана диалогдун мейкиндиги катары медиа да өзгөчө роль ойной баштады.
Анын айтымында, Кыргызстан менен Кытайды Улуу Жибек жолунун кылымдарды карыткан тарыхы, коңшулаштык жана региондогу туруктуу өнүгүүгө, тынчтыкка болгон умтулуу байланыштырып турат. Дал ушул себептен улам маалымат чөйрөсүндөгү кызматташтык бүгүн өзгөчө мааниге ээ болууда.
”Заманбап медиа — бул жөн гана жаңылыктардын булагы эмес, мамлекеттер жана коомдор арасындагы маанилүү көпүрө. Элдерибиздин ортосундагы өз ара ишенимдин деңгээли журналистиканын объективдүүлүгүнө, аналитиканын сапатына жана гуманитардык алмашуунун ачыктыгына көз каранды. Кыргызстан менен Кытайдын медиа коомчулугу жалган маалыматтын жайылышына жана маалыматтык тирешүүгө биргелешип каршы туруп, өз ара урматтоонун, ачык диалогдун жана маданияттарды таанып-билүү атмосферасын калыптандыруусу өзгөчө маанилүү”, — деди ал.
Галина Байтерек кызматташтыктын ар кандай багыттары боюнча чоң перспективаларды көрүп жатканын белгиледи:
журналисттер жана эксперттер арасында тажрыйба алмашуу;
биргелешкен медиа долбоорлорду ишке ашыруу;
санариптик платформаларды жана жаңы медианы өнүктүрүү;
жаш журналисттерди колдоо;
маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо;
эл аралык маалыматтык мейкиндикте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн объективдүү образын илгерилетүү.
”Биз мында кытайлык жалпыга маалымдоо каражаттары менен гана эмес, элдер ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана өнөктөштүктү чыңдоо үчүн башка эл аралык медиа уюмдар менен да кызматташууну өнүктүрүүгө умтулабыз. Бүгүнкү күндө Шанхай кызматташтык уюму коопсуздуктун жана экономикалык өз ара аракеттенүүнүн гана эмес, цивилизациялар диалогунун, өз ара урматтоонун жана тең укуктуу өнөктөштүктүн маанилүү платформасына айланууда”, — деди ал.
Ал эми ”Жэньминь жибао” гезитинин башкы редакторунун орун басары Цуй Шисинь жаңы доордо кытай-кыргыз мамилелеринин мазмуну дайыма байып жана тереңдеп жатканын айтты. Эки өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн бул жоопкерчиликти сезүү, Жибек жолунун духун — тынчтык жана кызматташтык, ачыктык жана инклюзивдүүлүк, өз ара окуу жана өз ара пайда көрүү — өнүктүрүү жана эки элдин жарык жашоого болгон жалпы баалуулуктарын бириктирүү дегенди билдирет. Ушуга байланыштуу ал карап чыгуу үчүн бир нече сунуш киргизди:
“Биринчиден, ишенимдин пайдубалын түзүү менен өнүгүү чөйрөсүндө консенсусту бекемдөө. Маалымат татаал жана ар түрдүү болгон доордо ММКлар ”чындыктын жана башкы баалуулуктардын сакчысы“ катары милдетин так аткарышы керек. Үзгүлтүксүз алмашуулар жана биргелешкен репортаждар аркылуу биз кыргыз-кытай кызматташтыгынын реалдуу, көп кырдуу жана ар тараптуу картинасын көрсөтүү менен түшүнүү көпүрөлөрүн курушубуз зарыл.
Экинчиден, гүлдөп-өнүгүүгө жол ачуу менен өз ара пайдалуу кызматташууга көмөктөшүү. Эки өлкөнүн ЖМКлары татаал маселелерди чечмелөө жана аудиторияга багыт берүү үчүн өз кесиптик жана кадыр-барктуу дараметин чечкиндүү колдонушу керек. Эки элдин таламдарына жооп берген кызматташтыктын зарыл экендигин терең сезүүсү үчүн, өз ара пайдалуу кызматташтыктын жаркын окуяларын чын ыклас менен айтып берүү зарыл.
Үчүнчүдөн, достук дарагын өстүрүү менен гуманитардык алмашууларды тереңдетүү. Элдердин жүрөгүн жакындатуу үчүн маданият жана искусство, ошондой эле жаштар арасындагы алмашууларга көмөктөшүүчү платформаларды жигердүү түзүшүбүз керек. Бул кыргыз-кытай достугунун дарагынын жашыл жана түбөлүктүү болушуна шарт түзөт.
Төртүнчүдөн, ШКУнун үнүн күчөтүү менен институттук негизди бекемдөө. Биз дискурстук жана нарративдик системаларды жаңылап, маданияттар аралык ар түрдүү алмашууларды байытып, ШКУнун чоң үй-бүлөсүндөгү цивилизациялардын эриш-аркагынын уникалдуу сүйкүмдүүлүгүн дүйнөгө көрсөтүшүбүз керек”, — деди ал.
Маалымат үчүн: ”Жэньминь жибао” — Кытайдагы башкы күнүмдүк гезит, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин расмий басма органы.
”Хуаньцю шибао” (Global Times) — ”Жэньминь жибао” өкмөттүк басма үйү тарабынан чыгарылган популярдуу кытай күнүмдүк гезити, таблоид.
