Четверг, 28 мая

Кулубаев БУУнун башкатчысы менен жолугушту

0

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) билдирүүсүнө ылайык, жолугушууда тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташууну кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.

Министр Жээнбек Кулубаев тынчтыкты чыңдоого, туруктуу өнүгүүгө жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө БУУнун маанилүү ролун белгиледи.

Маектештер Кыргызстандын БУУ тутумундагы Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу, климаттык иш-аракеттерди илгерилетүү, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана аймактык коопсуздукту чыңдоо маселелериндеги кызматташуу тууралуу пикир алышты.

Жолугушууда ошондой эле Антониу Гутерриштин Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Бишкекке сапары тууралуу сөз болуп, башкы катчы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун чакыруусун кубануу менен кабыл алганын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз