Четверг, 28 мая

Быйыл канча киши ажылыкка барганы белгилүү болду

0

Арафат тоосунда вакфага туруп (сыйынып), андан кийин автобустар менен Муздалифага барган ажылар бул жерде намаз окуп, вакфа дубасын кылгандан кийин шайтанга таш ыргытуу үчүн таш чогултушту.

Мусулмандар түн ортосунан тартып топ — тобу менен болжол менен 3,5 километрдик жолду басып өткөн Жамараттагы шайтанга таш ыргытуу аймагында чоң шайтан деп аталган «Акабе жамаратына” 7 таш ыргытышты.

Шайтанга таш ыргытуудан кийин кайрадан жөө барган Каабада зыярат тавафы жана саъйни аткарган мусулмандар чачын кыргандан кийин ихрамдан чыгышты.

Ушундайча милдеттерин аткарган мусулмандар ажы болушту.

Ихрамдан чыккан кээ бир ажылар болсо майрам убагында зыярат тавафын жана саъйди улантышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз