Президент Садыр Жапаров кечээ, 28-майда Астана шаарында өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумдун пленардык сессиясында сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө жасалма интеллект технологиялык өнүгүүнүн гана эмес, мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзгөн институционалдык жаңылануунун да маанилүү куралы боло аларын белгиледи.
Президент белгилегендей, форумдун “ЕАЭБ глобалдык санариптик жарышта: жасалма интеллектке басым жасоо” деген темасы бүгүнкү күндө катышуучу мамлекеттердин экономикасы менен коомунун эртеңки багытын аныктап жатат.
“Жасалма интеллект мындан ары IT тармагына гана тиешелүү тар чөйрөдөгү курал эмес — бул жаңы реалдуулук.
Мамлекет башчылары катары биз күн сайын миллиондогон жарандарыбыздын коопсуздугу, туруктуулугу жана бакубаттуулугу үчүн жоопкерчиликти моюнга алабыз. Бүгүн технологиялардын тез арада өнүгүп жатканына күбө болуп, ар бирибиз бул эбегейсиз ресурс өлкөлөрүбүздү чет элдик санариптик технологиялар менен алгоритмдердин пассивдүү керектөөчүсүнө айландырбастан, тескерисинче, биздин эгемендүүлүгүбүздү бекемдешине кантип кепилдик бере алабыз деген фундаменталдуу стратегиялык суроого туш болуп жатабыз”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Президент акыркы жылдары Кыргызстанда заманбап санариптик мамлекеттик экосистеманы түзүү боюнча кеңири иштер жүргүзүлгөнүн айтты. Кыргыз Республикасынын Санариптик кодекси күчүнө кирип, маалыматтарды жөнгө салуудан тартып санариптик идентификацияга, инновациялык технологиялар менен жасалма интеллектти киргизүүгө чейинки бирдиктүү укуктук негиз түзүлгөн.
Мамлекет башчысы ошондой эле мамлекеттик булуттук инфраструктура — G-Cloud өнүгүп жатканын жана мамлекеттин, бизнестин жана жарандардын ортосундагы санариптик байланыштын негизги платформасына айланган, мамлекеттик органдардын электрондук өз ара аракеттенүү системасы болгон “Түндүк” платформасы мындан ары да жаңыланып жатканын билдирди. Акыркы бир жыл ичинде системадагы операциялардын саны бир нече эсеге өстү. Бул адамдардын жумуш убактысынын үнөмдөлүшүнө жана жарандар менен ишкерлер үчүн чыгымдардын кыйла азайышына алып келди.
Садыр Жапаров өлкөдө мамлекеттик башкаруунун философиясы өзгөрүп жатканын баса белгиледи.
