Суббота, 6 июня

Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу ачылды

0

Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Болжол менен анын 200 чакырымы мурда жол болбогон аймактар аркылуу салынган.

Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу 1-июндан тарта ноябрга чейин убактылуу пайдаланууга берилет. Долбоор толук аяктагандан кийин Жалал-Абад менен Балыкчынын ортосундагы жол жүрүү убактысы 13 сааттан 6 саатка чейин кыскарат. Жолдун курулушун толук бүтүрүү 2028-жылга пландалууда.

Ошондой эле долбоордун алкагында эки эстакадалык көпүрө курулуп, өлкөдөгү эң узун туннель пайдаланууга берилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз