Суббота, 6 июня

Балдарга «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулу бериле баштады

0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулун чектөө үчүн кандай документтер зарыл экендигин маалымдады.

Ага ылайык, жөлөк пулду тариздөө үчүн төмөнкү документтерди керек болот:

ата-энесинин ЖИНи (ПИН) көрсөтүлгөн паспортунун көчүрмөсү же кайрылман күбөлүгү;
баланын ЖИНи көрсөтүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
өзгөчө макамга ээ болгон айрым чек ара аймактарында, бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын болгон зоналарда жайгашкан калктуу конушта туруктуу жашагандыгын тастыктаган «Санарип аймак» тутумундагы жашаган/жүргөн жери боюнча каттоосу тууралуу маалымат;
эгерде ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөк пулун алуу үчүн Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттердин күбөлүгү бар балдары менен кайрылган учурда — балага таризделген КР паспорту же КР жарандыгына таандык экендигин тастыктаган маалымкат.
Арыз ишенимдүү адам же мыйзамдуу өкүл тарабынан берилген учурда төмөнкүлөр талап кылынат:

паспорт;
жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте таризделген ишеним кат;
балага мыйзамдуу өкүл дайындоо жөнүндө соттун чечими.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 1-июлдан тарта «Бала ырысы» жөлөк пулун чектөө жана төлөө үчүн документтерди кабыл алуу башталат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз