Россия Украина менен туткундарды алмаштырганын жана эки тараптан тең 185тен аскердин өлкөлөрүнө кайтарылганын жарыялады.
Россиянын коргоо министрлигинин жума күнү жасаган билдирүүсүндө Бириккен Араб Эмирликтеринин согуш туткундарын алмаштырууда ортомчулук кылганы белгиленди.
Билдирүүдө орус аскерлеринин азыркы учурда Беларуста экендиги жана Россия Адам укуктары боюнча комиссары Яна Лантратованын аскерлер менен бирдикте экендиги маалымдалды.
Министрлик билдирүүсүндө: «Бошотулган аскер кызматкерлери учурда Беларуста, аларга зарыл болгон психологиялык жана медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Кийинчерээк алар дарылануу жана реабилитациядан өтүү үчүн Россияга жөнөтүлөт», — деп маалымдалды.
Айрым жогорку мартабалуу украиналык жетекчилер алмашуу үчүн даярдыктардын акыркы жумаларда башталганын билдиришти.
Алмашуу Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин төрт жылдык кагылышууну токтотуу үчүн орус кесиптеши Владимир Путинге бетме — бет жолугушууну кабыл алууга чакыргандан кийин ишке ашты.
