Кечээ саат 14:30дар чамасында Кадамжайда катуу жааган жаандан улам сел жүрдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, мындан улам суу сел өтмөктөрүнөн ашып, Ак-Кыя — Жийделик жана Кызыл-Булак — Тамаша унаа жолдорунда кыймыл убактылуу токтотулду.
«Учурда жеринде Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар нөөмөттө иш алып барууда. Жамгыр басылып, селдин агымы басаңдаары менен жолду тазалоо иштери жүрөт», — деп айтылат маалыматта.
