Воскресенье, 24 ноября

Күндүзгү уйку деменциянын ѳѳрчүшүнѳ алып келеби?

0

Күндүз уйкуга батуу деменциянын (мээнин айнышы — ред.) өрчүп кетүү коркунучу бар экенинен кабар берет. Бул тууралуу америкалык окумуштуулардын изилдөөсүндө айтылат.

Адистер терең фазадагы уйку дефицитине кабылган 60 жаштан жогорку курактагы 119 кишинин маалыматтарын изилдеп чыгышкан. Алардын мээ толкунуна байкоо салуу үчүн электроэнцефалографиялык көчмө мониторлорду колдонушкан.

Натыйжада бейтаптарда мээдеги нейрондорду талкалаган тау-белогу жогору экени аныкталган. Мындай терс эффектинин жаралышына түнкүсүн адамдардын терең фазадагы уйкуга бата албагандыгы жана күндүзгү уйкуга берилгендиги себеп болгон.

Эскерте кетсек, деменция (альцгеймер оорсу) – эс тутумду жоготуу, бул оору адистердин айтымында жылдан жылга жашарганын баса белгилешет. Мээнин айнышы менен ооруган бейтап кайсы бир убакта акыл ээси оордунда болуп, кыймыл аракети туура болот. Бир канча убактан кийин акылга сыйбаган нерселерди жасашы күтүлѳт. Бул ооруга азыркы кѳнгѳ чейин дарылоо ыкмалары аныктала элек.


Иште 10-15 мүнѳт гимнастика жасоо зарыл

Иште стресске көп кабылып, уйкусу канбай жүргөн адамдын жүрөк ооруга кабылуу ыктымалдыгы жогору. Бул туурасында маалымат булактары жарыялады.

Окумуштуулар эмгекке жарамдуу, бирок акыркы 18 жылдан бери кант диабети же жүрөк оорусу бар 2000ге чукул кишинин маалыматтарын анализдеп чыккан. Алар 25-60 жаш курагындагылар эле.

«Гипертензия чала уйку жана стресс менен коштолгондо адам жүрөк ооруга чалдыгышы мүмкүн. Стресс факторлору бул тобокелдикти 1,6 жана тынчы жок уйку 1,8 эсеге көбөйтөт», — деп айтылат маалыматта.

Жумуштагы стресс иштегилерге коюлган жогору талап жана кызматкердин иш ыргагында тиешелүү чечимди өз алдынча кабыл албастыгынан да келип чыгарын айтышты. Уйкунун канбашы да иштеги стресске байланыштуу экендиги белгилүү болду.

Окумуштуулар иштен 5-10 мүнөткө алаксып, кыймылдап, спорт менен алектенүү зарылдыгын жана адам өзүнүн салмагын көзөмөлгө алып турушу керектигин айтышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз