Министр Акунбеков Азербайжандын элчиси менен жолугушту

0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Соода-экономикалык байланыштарга, инвестициялык долбоорлорго, агрардык жана гуманитарды кызматтыштык тармактарында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду:

Эрлист Акунбеков эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүк мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги ишенимдүү саясий диалогдун негизинде ырааттуу өнүгүп жатканын баса белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышын карап чыгышып, эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз