Түндүк – Түштүк жолунда коопсуздук күчөтүлөт

0

Түндүк – Түштүк жолунда коопсуздукту күчөтүү үчүн 40ка жакын курулма салынат. Бул тууралуу “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев билдирди.

Анын айтымында, Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Бирок ал жылдары жолдун айрым тилкелери долбоорго киргизилбей, каражаттар бөлүнбөй калган.

“2022-жылы капчыгай аркылуу өткөн, ары татаал Казарман-Арал жолу пайдаланууга берилген. Ошондон бери бул аймакта таш кулоо жана жер көчкү учурлары катталып келет. Ал эми Жалал-Абад тарабындагы туннель 2024-жылы курулуп бүтсө да, коопсуздук маселелери толук чечилбегендиктен пайдаланууга берилген эмес. Президент Садыр Жапаров 2025-жылы коопсуздукка байланышкан бардык көйгөйлөрдү чечип, андан кийин гана жолду ачуу тапшырмасын койду. Бул максатта 5,3 млрд сом бөлүнүп, каражаттын негизги бөлүгү көчкүдөн жана таш кулоодон коргоочу курулмаларды курууга, ошондой эле Барпы–Сафаровка жолун өнүктүрүүгө багытталган. Бул ири сумма болгону менен бардык көйгөйлөрдү толук чечүүгө жетишсиз. Себеби дагы 40ка жакын ушундай коргоочу курулманы куруу зарыл. Учурда Казарман – Арал жолунун боюндагы 12 тилкеде таяныч дубалдардын курулушу башталды”, – деп белгиледи ал.

Министрдин айтымында, аталган курулмаларды эки жылдын ичинде бүтүрүү тапшырмасы коюлган. Алар пайдаланууга берилгенден кийин жолдун коопсуздугу кыйла жогорулайт. Ошол эле учурда Сары-Камыш менен Казармандын ортосундагы болжол менен 50 чакырымдык тоолуу тилкеде таш кулоо коркунучу толугу менен жоюлбайт.

“Биз бардык тобокелдиктерди мүмкүн болушунча азайтууга аракет кылып жатабыз. Буга чейин каражаттын жетишсиздигинен көп маселелер чечилбей келген. Азыр президенттин тапшырмасы менен бул багыт артыкчылыктуу деп табылып, зарыл каражаттар бөлүнүүдө.

Мындан тышкары, жолду тейлөө инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн кошумча чаралар көрүлүүдө. Министрлер кабинети жаңы жол тейлөө пункттарын курууга каражат бөлгөн. Жалпысынан үч тейлөө пунктун куруу пландалууда.

“Учурда Жумгалда жана Казарманда жол эксплуатациялоо бөлүмдөрү бар. Алардын ортосундагы аралык 110 чакырымды түзөт. Өзгөчө кырдаалдарда техниканын жетип келиши көп убакытты талап кылгандыктан, жаңы пункттарда атайын техника, кызматкерлер жана инерттик материалдардын запасы дайыма даяр абалда болот. Бул объектилерди быйыл бүтүрүү пландалууда.

Ал эми Түндүк–Түштүк жолу толугу менен 2028-жылга чейин бүткөрүлүп, коопсуз пайдаланууга берилиши керек. Бул дагы эле чоң көлөмдөгү каражатты жана эмгекти талап кылат”, — деп сөзүн жыйынтыктады Солтобаев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз