Четверг, 11 июня

Бүгүн ФИФАнын дүйнөлүк чемпионаты башталат

0

Бүгүн 2026-жылдагы ФИФАнын дүйнөлүк чемпионаты башталат.

Спорт экспресс басылмасынын маалыматына ылайык, турнирдин расмий ачылышы Мехико шаарында башталат. Бул күнү Мексика — Түштүк Африка беттеши Мехико-Сити стадионунда өтөт. Арена буга чейин эки дүйнөлүк чемпионаттын беттешин: 1970 жана 1986-жылдары өткөргөн.

Кийинки күндөрү шоу программа Канада жана АКШда өтөт.

12-июнь — Торонто жана 13-июнь — Лос-Анжелес.

ФИФА муну дүйнөлүк чемпионаттын тарыхындагы биринчи ушундай аземдер сериясы деп атап жатат. Бул күйөрмандар үчүн ачылыш азем 11-июнда аяктабайт дегенди билдирет. Кийинки күндөрү турнир Канада жана АКШнын улуттук курама командаларынын ортосундагы беттештер менен уланат.

Турнирди биринчи жолу үч өлкө — Мексика, Канада жана Америка Кошмо Штаттары өткөрөт. Чемпионатка 48 команда катышып, 104 беттеш орун алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз