Күн мурун Бишкек шаарында болгон катуу шамалдын кесепетинен бак-дарактар кулап, турак-жайлардын чатырлары учуп, унаалар зыянга учурады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жалпы 37 бак кулап, 1 көп кабаттуу үйдүн, 1 турак үйдүн жалпы аянттары 20 чарчы метрди түзгөн чатырларын, 1 кампанын 4 чарчы метр чатырын учурган жана 3 унаа жабыркаган.
Шамалдын кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМдин ыкчам тобу, «Бишкекжашылкурулуш» ишканасынан жана жергиликтүү бийлик органдарынан кызматкерлер, күч каражаттар тартылып, жеринде ыкчам аракеттерин көрүшкөн.
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, катуу шамалдын ылдамдыгы секундасына 9-24 метрге жеткен.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Бишкектеги катуу шамалдан 23 жаштагы кыз жабыркаган.
