Зеленский социалдык медиа аккаунтунда Орусиядагы буталарга абадан сокку уруу уланып жатканын билдирди.
Ал Орусиянын Ярославль облусундагы мунай объектисине кол салуу болгонун айтып, бул объект Украинанын чек арасынан болжол менен 700 чакырым алыстыкта жайгашканын белгиледи.
Зеленский ошондой эле Орусиянын Тула облусундагы «Азот» химиялык заводуна кол салууга токтолуп, бул завод жарылуучу заттарды өндүрүү үчүн маанилүү деп билдирди. Украинанын президенти Зеленский: «Кечээ кечтен бери Орусиянын 6 аэропортунда аба каттамдарына чектөөлөр киргизилди жана Орусиянын 28 аймагында абадан эскертүү жарыяланды», — деп билдирди.
