Понедельник, 15 июня

ТИМ дипломатиялык кайрымдуулук жарманкесин өткөрдү

0

13-июнда Бишкектеги «Ынтымак-2» паркында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган дипломатиялык кайрымдуулук жарманкеси өттү. Иш-чара Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган.

Ведомстводон маалымдашкандай, ага ТИМдин жетекчилиги, Кыргызстанда катталган чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары жана өкүлдөрү катышты.

Жарманкенин коноктору дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнүн улуттук тамак-аштарынан даам татышты. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, өзгөчө белектер жана катышуучу өлкөлөрдүн маданий көп түрдүүлүгүн чагылдырган башка экспонаттар келгендердин кызыгуусун жаратты.

Коноктор үчүн кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү, чет элдик аткаруучулар жана балдардын чыгармачылык жамааттарынын жаш таланттары катышкан мазмундуу концерттик программа тартууланып, дүйнө элдеринин музыкалык жана бий өнөрү көрсөтүлдү.

Жыл сайын өткөрүлүп келген дипломатиялык кайрымдуулук жарманкеси достук мамилелерди чыңдоого жана маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө чогулган бардык каражаттар Кыргызстандагы балдар үйлөрүнө жардам көрсөтүүгө багытталат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз