Понедельник, 3 августа

Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасы курулууда

0

Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги жайларынын бири болгон “Көчмөндөр ааламы” этношаарчасынын курулушу уланууда. Уюштуруучулардын айтуусунда, иш-чара жана спорттук мелдештердин 70 пайызы дал ушул жайлоодо өтөт.

Этношаарча көчмөн цивилизациясын тааныта турган өзгөчө мейкиндик болот. Бул жерде LED-экрандар сыяктуу заманбап каражаттар колдонулбайт. Тескерисинче, орто кылымдардан бери биздин аймакка таандык болгон архитектуралык үлгүлөрдүн негизинде үйлөр курулууда. Курулушта топурак, чопо жана таш сыяктуу табигый материалдар пайдаланылат.

Анда көчмөн элдердин маданиятын чагылдырган эки этноаймак, жеңил конструкциядагы 21 үй, ошондой эле фудзонада 40ка жакын топурактан курулган үй жайгашат.

Оюндар аяктагандан кийин этношаарчанын объектилери туристтик жана эл аралык маданий иш-чараларды өткөрүүчү жай катары пайдаланылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз