Каракол шаарында жаш шахматчылардын эл аралык таймашы өтүп жатат.
Мэриянын маалыматына ылайык, турнирге Кыргызстандын бардык аймактарынан, ошондой эле коңшу Казакстан жана Өзбекстандан келген 400дөн ашык жаш шахматчы катышууда.
Мелдеш мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдык мааракесине жана Улуу Жибек жолунун кубогуна арналган.
