Филиппиндин жээгинде күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болду.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Сарангани провинциясынан түштүк-батышты карай 32 чакырым алыстыкта жайгашып, 10 чакырым тереңдикте катталган.
Учурда жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек. Ошондой эле цунами коркунучу жарыяланган жок.
