Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Чоң-Алай районуна иш сапары менен барып, аймактагы коопсуздук чаралары менен таанышты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, министр Чоң-Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн көрүп, өздүк курамдын кызмат өтөө шарттары жана материалдык-техникалык камсыздалышы менен таанышты.
Ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча маселелер талкууланды.
Иш сапардын алкагында Канатбек Чыныбаев Жар-Башы жана Дароот-Коргон айылдарындагы Кызыл-Суу дарыясынын жээгинде эрозия коркунучу бар тилкелерди көрүп чыкты. Тиешелүү кызматтарга алдын алуу жана коргоо иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
