Пятница, 28 августа

Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форуму өттүдө

0

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Кыргызстан – Кытай: туруктуу өнүгүүгө жана жалпы бакубаттуулукка карай жол» аттуу кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форуму өтүп жатат.

Ири иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, өнүктүрүү институттарынын, каржы түзүмдөрүнүн жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн турган 300гө жакын адам катышууда.

Форумда инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай кооперациясы, өндүрүштөрдү жергиликтештирүү, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери талкууланууда.
Ошондой эле санариптештирүү жана алдыңкы «жашыл» технологияларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Иш-чаранын алкагында кыргызстандык жана кытайлык ишкерлердин ортосунда эки тараптуу B2B жолугушуулар өтүп, анда келечектүү долбоорлор сунушталып, өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрү жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жолдору талкууланат.

Форумдун жыйынтыгында инвестициялык келишимдерге, меморандумдарга жана коммерциялык келишимдерге кол коюу пландалууда.

Белгилей кетсек, бизнес форум Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алдында өтүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз