Пятница, 28 августа

ИКУнун башкатчысы алмашты

0

Мавританиялык Исмаил ульд Шейх-Ахмед Ислам кызматташтык уюмунун башкы катчысы болуп шайланды. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Исмаил ульд Шейх-Ахмед 1960-жылы 9-ноябрда Нуакшот шаарында төрөлгөн. Монпелье университетинде экономика боюнча бакалавр, Манчестер университетинде адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча магистр даражасын алган. Ошондой эле Маастрихт университетинде билим алган.

Ал ар кайсы жылдары БУУнун түзүмдөрүндө иштеп, Сирияда жана Йеменде БУУнун координатору, гуманитардык координатору жана БУУӨПтүн туруктуу өкүлү кызматтарын аркалаган. Ошондой эле Ливиядагы БУУ миссиясында жетекчилик кызматта иштеп, Эбола вирусуна каршы чукул чара көрүү миссиясын жетектеген. 2015-2018-жылдары БУУнун Йемен боюнча атайын өкүлү болгон.

2018-жылы Мавританиянын тышкы иштер министри болуп дайындалган. Исмаил ульд Шейх-Ахмед араб, француз жана англис тилдеринде сүйлөйт.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 1992-жылдын 1-декабрынан бери аталган уюмдун толук кандуу мүчөсү болуп саналат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз