Бишкекте рейддик иш-чараларынын жүрүшүндө миграциялык мыйзамдарды бузуу фактылары аныкталды.
Атайын кызматтан бидиришкендей, 5-августтан 19-августка чейин миграциялык мыйзамдарды бузууларды аныктоого жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнүн алдын алууга багытталган «Нелегал» атайын рейддик иш-чаралары өттү.
Чет өлкөлүк жарандар болушу мүмкүн болгон турак жайларды, коммерциялык жана башка объектилерди текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаардык милициясынын бөлүмдөрүнө 156 чет элдик жаран жеткирилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесине ылайык 97 административдик протокол түзүлдү. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 1 млн 148,5 миң сомду түздү.
Аны менен катар, 20-августта чет өлкөлүк жарандардын мототранспорт каражаттарын пайдалануу аркылуу жүргүзгөн мыйзамсыз курьердик ишмердүүлүгүн аныктоого багытталган «Нелегал Мото-курьер» рейддик иш-чарасын өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө 48 чет элдик жаран шаардык милицияга жеткирилди. Текшерүүдө миграциялык мыйзамдарды, ошондой эле мотоциклдерди эксплуатациялоо жана башкаруу эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, жалпы суммасы 322 000 сомду түзгөн 33 административдик айып пул салынды. Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандарга таандык эмес 10 мототранспорт каражаты жана 2 электр велосипеди Бишкек шаардык миилциясынын айып короосуна киргизилди.
